Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда жашылдандыруу жана экологияны коргоо багытында ири иштер аткарылууда. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Аткарылып жаткан иштердин жүрүшү жана жаңы пландар менен жеринен таанышты.
Ведомствонун маалыматына караганда, 2026-жылдын апрель айында коруктун базасында уюшулган көчөтканага 6 миңге жакын ар кыл дарактардын көчөттөрү отургузулган. Анын ичинде карагай, көк карагай, арча, кайың, терек жана башкалар бар. Көчөткананын базасы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп, материалдык-техникалык базасы жаңы техникалар жана шаймандар менен бекемделген.
Акыл Токтобаев көчөттөрдү уруктан баштап атайын идиште (жабык тамыр системасы менен) өстүрүүнү сунуштады. Бул ыкма көчөттөрдүн жашап кетүү пайызын жогорулатып, жоготууларды азайтат жана токойду калыбына келтирүүнүн сапатын арттырат.
Министр иш сапарынын алкагында Бугу-марал питомнигиндеги иштер менен да таанышты. Анда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окумуштуулары питомникте биргелешип иш алып барууда. Алар жаныбарлардын санын көбөйтүү жана коруктун аймагында заманбап илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү.