Кара-Кулжада заманбап туристтик комплекс ачылды

Аймак Загрузка... 25 Май 2026 09:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Кара-Кулжа районунун Кара-Таш айылында жаңы жана заманбап Aska Resort туристтик комплекси ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы баасы 1,4 млн долларды түзгөн бул заманбап жай жеке инвестициянын эсебинен курулган. Ал аймактагы экотуризмди жана үй-бүлөлүк эс алууну өнүктүрүүнү көздөйт.

Комплекс жалпысынан 1,13 гектар аймакты ээлейт жана жылына 600гө чейин туристти кабыл алууга ылайыкталган.

Анын курамына 5 глэмпинг (заманбап чатыр) үйү, ресторан, мончо, терраса, асма көпүрө жана 3 балык бассейни кирет.

Ишкерлер муну менен эле токтоп калбастан, жакынкы арада комплексти кеңейтүү үчүн дагы 800 миң долларлык кошумча курулуш иштерин жүргүзүүнү пландап жатышат.