Ош: Мурда көп кабаттуу үй куруу пландалган жерге бала бакча курулат

Аймак Загрузка... 25 Май 2026 09:25
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Ош шаарынын Курманжан датка аймагынын жашоочуларынын көп жылдан берки өтүнүчү аткарылып, заманбап балдар аянтчасы курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга чейин аталган жер тилкесине көп кабаттуу ипотекалык турак жай куруу боюнча келишим түзүлгөнү белгилүү болгон. Бирок жергиликтүү тургундар аймакка балдар аянтчасын куруп берүүнү талап кылып келишкен.

Мэр Жанарбек Акаев элдин суранычын эске алып, көп кабаттуу үй куруу чечимин жокко чыгарды.

"Балдар аянтчасын куруу боюнча долбоорлоо иштери башталды. Ал аяктагандан кийин дароо курулуш иштери башталат",-деп айтылат маалыматта.