Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Бүгүн саат 01:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Кара-Суу районунун аймагында сел жүрүп, бир катар айылдарда турак үйлөрдү жана социалдык объекттерди каптады.
ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан билдиришкендей, жалпы 80ге жакын үй менен социалдык объектти суу каптады. Анын ичинен 56 турак үйдүн жер төлөсүн жана 23 үйдүн короосун суу каптаган. Сары-Колот айылында 1 турак үй жана 6 сарай авариялык абалга келген.
Ал эми Кыргыз-Чек айылындагы оорукананын жер төлөсүнө жана Курбан-Кара айылындагы мектептин короосуна сел суулары кирген. Сел жалпы 48 баш койду агызып кеткен.
Учурда кырсык катталган аймактарда (Мады, Датка, Ынтымак, Ала-Тоо, Отуз-Адыр айыл аймактарында) ӨКМдин куткаруучулары жана атайын техникалар тазалоо, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.
Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан чыгымдарды тактоо иштери уланууда.