Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Суу шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүп, анда жарандардын кайрылууларын жана актуалдуу маселелерин карады.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба жана башка багыттагы жерлерге берилген 450 мамлекеттик актынын мыйзамдуулугун текшерүү маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле "Туратали" базарындагы соода орундарына байланышкан талаш-тартыштар жана турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары, жарандардын жерге болгон мамлекеттик актыларды алуу боюнча кайрылуулары өзүнчө каралды.
Муну менен катар, жарандардын жеке жана социалдык маселелери да көтөрүлдү. Кайрылуулардын саны көп болгондугуна байланыштуу, укук коргоо органдары тургундарды жекече кабыл алып, ар бир арызды өз-өзүнчө карап чыгышканы белгиленди.
Кара-Суу шаарын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Аманкан Кенжебаевдин айтымында, шаарды өнүктүрүү максатында 47 гектар аянтты ээлеген аймакка жаңы шаар куруу пландалууда, бул инфраструктураны жакшыртууга жана тургундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
Ыйгарым укуктуу өкүл жарандардын бардык кайрылуулары кылдаттык менен караларын жана ар бир маселе боюнча тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.