Караколдо канализациялык ири курулманын курулушу 90 пайызга аяктады

Аймак Загрузка... 01 Июль 2026 14:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Каракол шаарында жаңы канализациялык тазалоочу курулма куруу боюнча масштабдуу долбоор акыркы этабына чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштери 90 пайызга аткарылды.

"Жаңы ишкана суткасына 12 миң куб метр саркынды сууну тазалоого кубаттуу. Бул шаардын экологиялык коопсуздугун камсыздап, Ысык-Көлдүн биосфералык аймагын булгануудан ишенимдүү коргоого мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.

Объектте дүйнөлүк катуу стандарттарга жооп берген, көп деңгээлдүү тазалоо цикли киргизилүүдө. Анда катуу таштандылар автоматтык түрдө кармалып, өзгөчө "A2O" технологиясы аркылуу суу химиялык заттардан (азот, фосфор) терең тазаланат. Бардык негизги процесстер толугу менен автоматташтырылып, эл аралык санариптик башкаруу тутумуна кошулат.

Жаңы технологиялар Каракол шаарында саркынды сууларды зыянсыз жана жогорку деңгээлде тазалоону камсыз кылат.