Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Каракол шаарындагы 110/10 кВ "Күн батыш" көмөк чордонуна кошумча күч трансформаторун орнотуу пландалууда.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул тармакты жаңылоо жана модернизациялоо боюнча берилген тапшырманын алкагында ишке ашырылат.
Модернизациянын алкагында төмөнкү иштер жүргүзүлөт:
- кубаттуулугу 10 МВА болгон экинчи күч трансформаторун орнотуу;
- 110 кВ элегаз өчүргүчүн монтаждоо;
- 10 даана вакуумдук өчүргүчтөрү бар 10 кВ КРУН жабдуусун орнотуу.
Учурда көмөк чордондо кубаттуулугу 16 МВА болгон бир күч трансформатор иштеп жатат. Кошумча трансформаторду ишке киргизүү менен жалпы кубаттуулук 26 МВАга жетет.