Бостери, 19.06.26 /Кабар/. ШКУга мүчө мамлекеттердин медиафорумунда Кыргызстандын көз карандысыз журналисттер союзунун төрагасы Азамат Касыбеков санариптик трансформация шартында "ишеним журналистикасына" басым жасоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал өз сөзүндө заманбап медиа чөйрө ыкчам өзгөрүп жатканын, жасалма интеллект, социалдык платформалар жана мультимедиалык форматтар журналистиканын күнүмдүк ишине айланганын айтты. Бирок технологиялар журналистиканын формасын өзгөрткөнү менен, анын маңызын алмаштырбашы керектигин өзгөчө белгиледи. Төраганын айтымында, жасалма интеллект журналисттин ишин ылдамдатса да, адамдык түшүнүк, этика, контекст жана ишенимди алмаштыра албайт.
Азамат Касыбеков ШКУ бүгүнкү күндө саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чоң мейкиндик экенин, бирок интеграциянын чыныгы мазмуну адамдар — жаштар, ишкерлер, фермерлер, окумуштуулар, дарыгерлер жана маданият өкүлдөрү экенин билдирди. Ал санариптик трансформация мүмкүнчүлүктөр менен катар тобокелдиктерди да жаратып жатканын, ошондуктан жоопкерчиликтүү санариптик журналистика маданиятын калыптандыруу зарылдыгын баса белгиледи.
Анын пикиринде, журналисттин ролу жөн гана маалымат берүүчү эмес, маани жеткирүүчү болушу керек. Бул багытта фактыларды так текшерүү, контекстти түшүнүү жана маданий өзгөчөлүктөрдү сыйлоо маанилүү. Ошондой эле стереотиптерди күчөтпөстөн, тескерисинче, аларды жоюу журналистиканын негизги милдеттеринин бири экени айтылды. Андан сырткары заманбап аудиторияга ылайык жаңы форматтарды өнүктүрүү зарылдыгын айтып, мультимедиалык долбоорлор, подкасттар, инфографика, видеосериялар жана жаштарга багытталган медиа лабораториялар керектигин билдирди.
Мындан тышкары, ал ШКУ тематикасын чагылдыруу боюнча журналисттер үчүн жалпы санариптик колдонмо, жаш журналисттер мектеби жана этикалык меморандум түзүү демилгелерин көтөрдү.
Касыбеков медиа тармак жөн гана маалыматтык канал эмес, коомдук дипломатиянын инструменти болушу керектигин кошумчалады. Ишенимге негизделген журналистика болбосо, туруктуу экономикалык, маданий жана коопсуздук кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүн эмес.