Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Каракол шаарында аймактарды колдоо долбоорунун алкагында "Бир толкун" форуму өттү.
Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага ишкерлер, коомдук уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн эл өкүлү Рахат Жунушбаева аймактарда ишкердикти өнүктүрүү, аялдар менен жаштардын демилгелерин колдоо, ошондой эле бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
Форумдун жүрүшүндө инвестицияларды жана гранттарды тартуу, бизнести кеңейтүү, жаңы рынокторго чыгуу жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери талкууланды.