"RuID" тиркемеси: 1-июлдан тарта Россияга кирүү эрежелери өзгөрөт

Коом Загрузка... 19 Июнь 2026 17:15
-----------_2025-05-12_140954703-1.png

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Россияга барууну пландаган Кыргызстандын жарандары үчүн маанилүү эскертме жарыяланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан тартып визасыз тартипте Россияга кирүүнү пландаган кыргызстандыктар (6 жашка чейинки балдарды кошпогондо) "RuID" мобилдик тиркемеси аркылуу өлкөгө кирүүдөн 72 саат мурун арыз берүүгө милдеттүү.

Ал эми шашылыш дарылануу же жакындарынын өлүмүнө байланыштуу жагдайларда, тиешелүү документтер менен ырастоо аркылуу кирүүгө чейин 4 саат мурун арыз берүүгө жол берилет. Жашы жете элек жана аракетке жөндөмсүз жарандардын атынан арыздарды алардын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энелери, камкорчулары) беришет.

"RuID" тиркемесин онлайн платформалардан жүктөп алып, төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү зарыл:

  • Паспорттук маалыматтар;
  • Сүрөттү жана үндү жаздыруу (биометрикалык идентификация);
  • Өлкөгө кирүү күнү;
  • Сапардын максаты жана жүрүү мөөнөтү;
  • Россия Федерациясынын аймагы (бара турган дареги).
"Эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү же билим алуу максатында Россия Федерациясына келген чет өлкөлүк жарандарга миграция жаатындагы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кирүүнүн максаты жөнүндө маалыматтар дал ушул "RuID" тиркемеси аркылуу ырасталат",-деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми эл аралык каттамдарды жүзөгө ашырган айдоочулар үчүн төмөнкү эрежелер милдеттүү:

Эл аралык каттамдарды жүзөгө ашырган айдоочулар "RuID" тиркемеси аркылуу Россияга кирүү жана жүрүү максаттары жөнүндө арыз берген учурда, өлкө аймагында календардык жыл ичинде 180 суткага чейин жүрө алышат. Эгерде арыз берилбесе, убактылуу жүрүү мөөнөтү 90 сутканы гана түзөт.

Арызга төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө керек:

  1. Паспорттун жана айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү;
  2. Транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
  3. Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн — эл аралык жүк ташуу жол барагынын көчүрмөсү;
  4. Автобус айдоочулары үчүн — маршруттук каттам картасы же жүргүнчүлөрдүн тизмеси.

Суроолор боюнча жарандар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө кайрыла алышат:

  • Дареги: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 7-үй, корпус 5 (метро "Полянка").
  • Байланыш телефондору: +7 996 968 98 97, +7 925 030 26 27.