Кыска мөөнөттө баарын идеалдуу кылуу туура эмес – министр

Коом Загрузка... 03 Июнь 2026 17:10
44_GTf0EZB.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Кабар" агенттигине берген маегинде бүгүнкү күндө өлкөнүн билим берүү тутумунун алдында турган негизги максаттар жана милдеттер тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, президент окутуунун мазмунун жакшыртуу боюнча бир катар милдеттерди койгон. Иштин алгачкы 100 күнүндө эле "Алтын казык" программасы иштелип чыккан, ал бүгүнкү күндө билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизи болуп саналат.

"Биринчи кезекте биздин милдетибиз — мектептеги билим берүү тутумун толугу менен жакшыртуу. Баары "сапаттуу жана жакшы билим бергиле" деп жатышат. Бирок агартуу жана билим берүү тутуму мугалим, ата-эне, каржылоо жана коомдук баалуулуктар сыяктуу көптөгөн факторлордон көз каранды. Андыктан кыска мөөнөттүн ичинде баарын идеалдуу кылып салууну күтүү — адамдын жана коомдун өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүнө туура келбейт", — деп белгиледи министр.

Кендирбаева билим берүү тармагындагы реформалар абдан жигердүү ишке ашырылып жатканын баса белгиледи. Муну менен катар, анын айтымында, бардык долбоорлор жана демилгелер бир гана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Министр билим берүү тутумунун масштабына өзгөчө көңүл бурду. Бүгүнкү күндө бул тармакта 186 миң адам эмгек акы алат, ал эми 2 миллионго жакын бала билим алууда. Анын айтымында, мындай ири тутумду башкаруу жогорку натыйжалуулукту жана бардык механизмдердин үзгүлтүксүз иштешин талап кылат.

Мындан тышкары, учурда билим берүүнүн мазмунун масштабдуу түрдө жаңылоо жүрүп жатат, ал эми бул мазмунда дээрлик жүз жылдан бери олуттуу өзгөрүүлөр болгон эмес.

"Президент белгилегендей, Кыргызстандын өнүгүүсү түздөн-түз адамдык капиталдын сапатына көз каранды. Эл аралык жана ички маанидеги ири инвестициялар дал ушул билим берүү тармагына багытталып жатканынын себеби да ушунда. Аларды сабаттуу, жоопкерчиликтүү жана өлкөнүн келечеги үчүн максималдуу пайда алып келе тургандай ишке ашыруу зарыл", — деп баса белгиледи министр.

Эске салсак, бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында бир күнүн ЖМК өкүлдөрү менен бирге өткөрүп, ведомство башчысынын жумуш күнү кандай өтөрүн көрсөтүүдө.