Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Күн мурун Кербен шаарына караштуу Жерге-Тал айылында заманбап спорт залдын курулушуна капсула салынды.
Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоордун тендердик баасы 28 млн 856 миң сом деп бааланган. Анын 26 млн 170 миң сому Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан, калган каражат жергиликтүү бийлик жана айыл тургундардын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Иш-чарага катышкан президенттин өкүлү Тилек Текебаев жаштарды спортко тартуу, сергек жашоо образын жайылтуу жана аймактардагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Спорт залдын курулуш иштерин "Кайрат Строй Кей Джи" компаниясы жүргүзөт.