ӨКМ “Улут баскан улуу жол” аттуу иш-чара өткөрдү

Коом Загрузка... 21 Июнь 2026 17:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 21.06.26. /Кабар/. "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолунун алкагында “Улут баскан улуу жол” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага министр Канатбек Чыныбаев баштаган жетекчилер жана бөлүмдөрдүн өздүк курамы катышты.

Иш-чарада кыргыз элинин байыркы уңгу жолу жаштардын чыгармачылыгы менен көрсөтүлдү.

Канатбек Чыныбаев бүгүнкү ааламдашуу шартында кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүн, руханий дөөлөттөрүн жана тарыхый мурастарын сактоого багытталган маанилүү мамлекеттик идеология азыркы муунга гана эмес, келечек муундарга да туура багыт көрсөтүп, алардын мекенчилдик сезимин, улуттук аң-сезимин чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

“Бүгүн биз кыргыз элинин байыркы тарыхын, каада-салтын, улуттук оюндарын, ыр-күүлөрүн жана маданий мурастары менен таанышып, элибиздин бай руханий дүйнөсүнө дагы бир жолу күбө болдук”, - деди министр.