КМШ өлкөлөрү трансулуттук кылмыштуулук маселелерин талкуулашты

ШКУ Загрузка... 14 Май 2026 10:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ИИМ

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Күн мурун, 13-майда Ташкент шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин криминалдык блогунун бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешмеси өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү маселелерине арналды.

Кеңешмеге ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов баштаган делегация катышты.

Кыргыз тарап өлкөдөгү баңгизаттык абалдын учурдагы тенденциялары тууралуу маалымат берип, синтетикалык баңгизаттардын жайылышына, ошондой эле баңгизат кылмыштарында интернет-платформаларды жана криптовалюталарды колдонууга байланышкан коркунучтар күчөп жатканын белгиледи.