Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин илим жана технология тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин 10-жыйынында уюмга мүчө-мамлекеттердин илимий-техникалык саясаты жана тажрыйба алмашуу маселелери каралууда.
Мында ШКУга мүчө мамлекеттердин илим жана технология тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин 2025-жылы Кытайдын Чэнду шаарында өткөн 9-жыйынынан кийин жүргүзүлгөн иштер талкууланууда.
Андан тышкары, бүгүнкү жыйындын күн тартибине төмөнкү актуалдуу маселелер коюлган:
- ШКУнун “Жашыл" технологиялык коридорун түзүү боюнча маалымат берүү.
- Биринчи биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорунун сынагынын жыйынтыктары боюнча маалымат берүү.
- ШКУга мүчө мамлекеттердин илим жана технология тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин он биринчи кеңешмесинин өткөрүү датасын жана ордун аныктоо.
- Жыйынтык протоколго кол коюу.
Эскерте кетсек, Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин илим жана технология тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин 10-жыйыны өтүдө. Иш-чараны Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги өткөрүүдө.