Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Кыргызстан ШКУнун алкагында “Жашыл" технологиялык коридор түзүү боюнча прагматикалык демилге менен чыгып жатканын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова аталган уюмга мүчө мамлекеттердин илим жана технология багыты боюнча өткөн жыйынында билдирди.

Маалымдалгандай, бул демилге биздин технопарктардын жана Илимдер академияларынын интеллектуалдык ресурстарын үч маанилүү прикладдык милдетти чечүү үчүн бириктирет.
“Бул алгач климатка так мониторинг жүргүзүү жана суу ресурстарын башкаруунун биргелешкен санариптик тутумдарын түзүү, кайра жаралуучу жана чакан гидроэнергетика үчүн технологияларды иштеп чыгуу жана өткөрүп берүү, ошондой эле туруктуу, климатка ылайыкташтырылган айыл чарбасына инновацияларды киргизүү.
Кыргызстан бул изилдөөлөр үчүн башкы табигый жана илимий лаборатория болууга даяр. БУУнун Башкы ассамблеясы биздин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин 5 жылдыгын буга чейин эле колдогон. Ал эми 2027-жылы Бишкек Экинчи глобалдык тоо саммитин кабыл алат”,- деди Исаматова.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстан уюмдун алкагында кызматташуунун практикалык 4 багытын баштоону сунуштай тургандыгын министр маалымдады.
Алар:
- Инноваторлор тажрыйба алмашып, өз чечимдерин коммерциялаштыра турган ШКУга мүчө мамлекеттердин илимий-технологиялык парктарынын бирдиктүү координацияланган тармагын түзүү.
- Жаш окумуштуулардын дисциплиналар аралык изилдөөлөрү үчүн өзгөчө прикладдык жасалма интеллект жана "жашыл" технологиялар чөйрөсүндө ШКУнун максаттуу гранттык программаларын ишке киргизүү.
- Биздин изилдөөчүлөр бири-биринин уникалдуу лабораториялык базаларына тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн реалдуу академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү.
- ШКУнун илимий маалыматтарды алмашуунун Бирдиктүү санариптик платформасын долбоорлоону баштоо.
Ал ошондой эле сунушталган иш-чаралардын комплекси күчтүү евразиялык билим экономикасын түзүүгө мүмкүндүк берерин кошумчалады.