Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын 2026–2030-жылдарга карата “Жашыл" технологиялык коридор түзүү боюнча кызматташтык программасын иштеп чыгуу демилгесин колдойбуз. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары Хан Сухель Бишкекте өткөн уюмга мүчө мамлекеттердин илим жана технология тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин 10-жыйынынын алкагында билдирди.
Анын айтымында, аталган жыйын ийгиликтүү жыйынтыкталып, негизги демилгелердин бири - “Жашыл" коридор болду.
“Бул демилге бардык мамлекеттер тарабынан кеңири колдоого алынды. Анткени, экология жана климаттын өзгөрүшү бардык өлкөлөр үчүн маанилүү маселе. ШКУ өлкөлөрүнүн колдоосу менен жашыл технологияларды трансферлөө жана коммерциялаштыруу үчүн негиз түзүлөт. Инновациялык потенциал бекемделет жана "жашыл" экономика үчүн жогорку квалификациялуу кадрлар даярдалат деп ишенебиз.
“Жашыл" коридор - бул бизге үмүт жана ишеним берген, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бере турган негизги жол болмокчу. Ал абанын булганышын азайтууга, температуранын жогорулашын токтотууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого шарт түзөт. Ошондуктан бул демилге бардык мамлекеттер тарабынан колдоого ээ болду”,- деди башкы катчынын орун басары.
Ошондой эле ал уюмдун алкагында илим жана техника - бул мамлекеттер жана өкмөттөр аралык кызматташтыктын эң маанилүү жана фундаменталдуу багыттарынын бири экендигин белгиледи.
“Бүгүнкү күндө ШКУга 10 мүчө мамлекет, 2 байкоочу жана 15 диалог боюнча өнөктөш мамлекеттер кирет. Бул чоң интеллектуалдык жана кадрдык потенциал, ал заманбап технологиялык татаал чакырыктарды чечүүгө жөндөмдүү. Азыркы учурда дүйнөдө инновациялык архитектура тездик менен өзгөрүп жатат. Бардык жерде жасалма интеллект, санариптик экономика, кайра жаралуучу энергетика жана биотехнологиялар кеңири киргизилүүдө. Мындай шартта биргелешкен илимий-техникалык кызматташтык жөн гана келечектүү багыт эмес, туруктуу өнүгүүнү жана технологиялык көз карандысыздыкты камсыз кылуучу өтө маанилүү инструмент болуп саналат”,- дейт Хан Сухель.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин илим жана технология тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин 10-жыйыны өтүп, анда илим жана технология жаатындагы кызматташуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу багыттары талкууланды.