Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. 6-декабрда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, академик Муратбек Бегалиевдин 70 жылдык мааракесине арналган юбилейлик-автордук концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, иш-чарада өнөр ээлери автордун чыгармаларын аткарышат.
Концертке кыргыз операсынын белгилүү солисттери, А.Жумакматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын симфониялык оркестри, “Манас”, президенттик камералык оркестри, ошондой эле Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жана М.Күрөңкеев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын бириккен хору катышат.
Дирижёрлор — Кыргыз Республикасынын эл артисти Рахатбек Осмоналиев жана Медет Осмонов.