Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көлдө "Жаңы демократиялык өлкөлөрдөгү конституциялык юрисдикциянын калыптанышы" деген темада эл аралык конференция өттү.
Иш-чара Кыргызстандын Конституциялык сотунун түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган. Ага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, анын кеңешчиси Руслан Мырзалимов жана Жогорку сотттун аппарат жетекчиси Сулайман Мыкыев катышты.
Медербек Сатиев конференциянын ачылышында иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулушу жана эл аралык өкүлдөрдүн катышуусу Конституциялык соттун эл аралык аренадагы жогорку аброюнун айкын далили катары сыпаттады.
“Бүгүнкү форумга эл аралык деңгээлде өкүлчүлүктүн катышуусу, ар түрдүү тарыхый жана укуктук тажрыйбасы мамлекеттердин конституциялык юстиция институтун өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө болгон умтулуусунун далили. Экинчи жагынан алганда, бул — биздин Конституциялык соттун чет өлкөлүк кесиптештер арасында таанымалдыгын жана урмат-сыйынын ачык көрсөтмөсү болуп саналат.
Жогорку сот Конституциялык сот менен өз ара кызматташтыкты сот системасынын жалпы эффективдүү иштешинин кепилдиги катары карайт. Биз негизги багыттар болгон — адилеттүүлүккө, мыйзамдуулукка жана адам укуктарын коргоодогу берилгендикте биргебиз.
Конституциялык сот конституциялык түзүлүштүн туруктуулугун камсыз кылып, өлкөнүн башка мамлекеттик органдары үчүн да маанилүү багыт көрсөтүүчү институт болуп эсептелет”, - деди Медербек Сатыев.
Аталган конференцияга он бештен ашуун чет өлкөлөрдүн конституциялык көзөмөлдөө органдарынын жетекчилери менен өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык деңгээлдеги конституциялык укук боюнча эксперттер катышты.