Чолпон-Атадагы жолдордун сапаты текшерилүүдө

Аймак Загрузка... 19 Июнь 2026 18:00
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов, Акматбай-Ата жана Школьная көчөлөрүндө курулуп жаткан унаа жолдорунун сапаты текшерилди.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө лабораториялык сыноолорду жүргүзүү үчүн жол жабындысынан үлгүлөрү алынды.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча аткарылган иштердин долбоордук документтерине жана колдонуудагы курулуш ченемдерине шайкештик баа берилет.