Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Өлкөнүн бардык аймактарында тамак-аш коопсуздугун камсыздоо боюнча текшерүүлөр башталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында ветеринардык, фитосанитардык жана карантиндик көзөмөл адистери Нарын шаарындагы "Чолпон" базарында мониторинг жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө базарда сатылып жаткан жер-жемиштердеги нитраттын көлөмү ченелип, натыйжада көпчүлүк продукцияда анын деңгээли белгиленген нормадан ашпагандыгы аныкталды. Ошондой эле сатуудагы жашылча-жемиштердин тиешелүү коштомо документтери толугу менен бар экендиги белгиленди.