Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында заманбап спорт комплекс куруу иштери жүрүп жатат.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Жаңы спорт комплекстин жалпы аянты 2224 чарчы метрди түзөт. Имаратта 300 көрүүчүгө ылайыкталган спорт залы, күрөш залы, конференц-зал, машыктыруучунун кабинети жана спортчулар үчүн бардык шарттары бар кийим алмаштыруучу бөлмөлөр каралган.
Долбоор аймактагы спорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.