Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Курулуш компаниялары бирдиктүү салык төлөөгө өтүшү керек. Мындай пикирин Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, бирдиктүү салык системасы курулуш компанияларынын ишин жеңилдетет.
Ал эми курулуш компанияларынын өкүлдөрү бирдиктүү салыкка өткөндөн кийин салыктын ставкасы 10%га чейин өсүп кетиши мүмкүн экенине тынчсыздануусун айтышты.
Шыкмаматов бирдиктүү салыктын тарифи жогорулатылбай турганын белгилеп, ишкерлерди тынчсызданбоого чакырды.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик салык кызматында салыкчылар менен курулуш тармагынын өкүлдөрү салыкка байланышкан бардык маселелерди талкуулашууда.