Кылымдын долбоорлору: Борбор Азияны өзгөрткөн кыргыз-өзбек демилгелери

Аналитика Загрузка... 22 Июль 2026 17:20
WhatsApp Image 2026-07-22 at 17.25.13.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ири стратегиялык инфраструктуралык долбоорлор эки өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын экономикалык картасын өзгөртүүдө. Акыркы жылдары тараптар чек ара маселелерин толугу менен чечип, соода-экономикалык алакаларды жаңы деңгээлге көтөрүштү. Кезек инвестициялык алп долбоорлордо.

Акыркы беш жылда Кыргызстан үчүн Өзбекстан тамырлаш достук мамиледеги коңшу өлкөдөн ишенимдүү ири экономикалык өнөктөшкө айланды. Чек ара көйгөйлөрү чечилери менен логистикалык, транзиттик жана энергетикалык мүмкүнчүлүктөргө кенен мейкиндик ачылды. Эки мамлекеттин биргелешкен аракети Борбор Азияны деңизге чыга албаган обочолонгон аймактан ири континенттер аралык хабга жана энергетикалык борборго айлантууда.

Учурдагы кыргыз-өзбек алакасынын эң көрүнүктүү мисалы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Бул аймактык стратегиялык долбоорго зарылчылык 2000-жылдары эле айтыла баштаган менен аймактагы экономикалык жана саясий себептерден улам иш жүзүнө ашпай келген. Дээрлик 25 жылдан кийин темир жолдун алгачкы объектилери курула баштады.

2022-жылы Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Эки жыл айланбай пайдубалы түптөлүп, курулуш башталган.

“Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк звеносу болуп, Түштүк-Чыгыш Азия, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыштагы рынокторго жол ачат. Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга, андан ары Европа биримдигине жүктөрдү жеткирүүнү камсыздайт”, - деген президент Садыр Жапаров (2024, декабрь).

Аталган темир жол биздин чөлкөм үчүн коридору Азия-Европа багыты боюнча кургактыктагы маанилүү транзиттик каттам болуп берет.

WhatsApp Image 2026-07-22 at 12.23.08.jpeg

Темир жолдун Кыргызстан үчүн социалдык жана экономикалык пайдасы

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу өзүнүн экономикалык натыйжалуулугу жана каржылык потенциалы боюнча Кыргызстан үчүн экинчи "Кумтөр" долбоору деп аталууда. Расмий эсептөөлөр боюнча, жол толук ишке киргенден кийин өлкөгө түз транзиттен гана жыл сайын 200 миллион доллардан ашуун таза киреше кирип турат. Бул каражат транзиттик төлөмдөрдөн, бажы алымдарынан жана темир жол инфраструктурасын тейлөөдөн түшөт.

WhatsApp Image 2026-07-22 at 12.25.48 (1).jpeg
  • Эл аралык жүк ташуучу поезддердин Кыргызстандын аймагынан (305 км) өткөндүгү үчүн алынуучу туруктуу төлөмдөр негизги киреше булагы болот.
  • Макмал станциясында жүк жүктөөчү ири хаб курулууда. Бул жерде көрсөтүлүүчү логистикалык кызматтар миллиарддаган сомдук кошумча киреше алып келет.
  • Кытайдан Европага жана Жакынкы Чыгышка кеткен жол кеминде 7 күнгө кыскарат. Бул ата мекендик экспорттоочулар жана импорттоочулар үчүн логистикалык чыгымдарды үнөмдөөгө шарт түзөт.
  • Курулуш маалында 20 миңден ашык жумуш орду түзүлүп, жол пайдаланууга берилгенден кийин миңдеген жергиликтүү адистер туруктуу жумуш жана жогорку айлык менен камсыз болушат. Ишканалар төлөгөн салыктар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди толтурат.
  • Темир жол өткөн аймактарда (Торугарт, Макмал, Жалал-Абад сыяктуу негизги бекеттердин тегерегинде) кыйыр экономикалык өсүш башталат. Трассанын боюнда жаңы мейманканалар, май куюучу жайлар, техникалык тейлөө борборлору жана соода түйүндөрү ачылып, чакан жана орто бизнес жанданат.

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча аткарылып жаткан иштер

Кыргызстан менен Өзбекстандын дагы бир келечектүү долбоорлорунун бири — Камбар-Ата-1 ГЭСи. Ага чоң үмүт артылган. Учурда иштеп жаткан Токтогул ГЭСи 1200 МВт кубаттуулук менен калктын жарымынан көбүн электр энергиясы менен камсыздап келет. Ал эми Камбар-Ата-1 станциясы курулса, кубаттуулугу Токтогулдукунан 1,5 эсе көп, тагыраак айтканда, 1880 МВт болот. Өлкө электр кубаттуулугу менен толук камсыз болуп, энергияны экспорттоого мүмкүнчүлүк ачылат.

Аталган ГЭСти курууга байланыштуу өкмөттөр аралык макулдашуулар, каражат издөө иштери, тийиштүү жактар менен сүйлөшүүлөр акыркы беш жылда кызуу жүрө баштады. Болбосо Тянь-Шань тоо кыркаларынын арасында жана Нарын суусунун башында кубаттуу электр станциясын тургузуу аракети 1980-жылдары эле башталган. Аянты, инфраструктурасы, дамбасына байланыштуу айрым иштер аткарылып жатканда СССР тарап кетип, каржылоо токтоп калган. Ошол бойдон дээрлик 40 жылдан ашык убакыттан бери сааты чыкпай келди.

2021-жылы Садыр Жапаров Ташкентке болгон сапарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки өлкө ортосунда "Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу" инвестициялык долбоорун биргелешип иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Көп өтпөй эле 2022-жылы Жалал-Абад облусунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталган.

Курулушту баштоо аземинде Садыр Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин өлкөнүн жана Борбор Азиянын энергетикалык системалары үчүн маанисин баса белгилеп, бардыгын биргелешип иштөөгө, салым кошууга чакырган. Станция Камбар-Ата ГЭС каскадынын бүтүндөй ири энергетикалык объекти болуп саналат.

WhatsApp Image 2026-07-22 at 12.22.52.jpeg
"Бул жай мезгилинде өндүрүлгөн электр энергиясын CASA-1000 долбоорунун алкагында алыскы чет мамлекеттерге импорттоого да мүмкүндүк берет. Камбар-Ата-1 ГЭСинде жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт деп күтүлүүдө жана биз CASA-1000 долбоорунун алкагында өндүрүлгөн ар бир кВт саатты 5,15 центтен сатууга мүмкүнчүлүк алабыз. Бул жагдай Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошуп, өлкөнүн бир жылдык таза кирешеси 234 миллион долларды түзөт", — деген президент Жапаров.

Ал эми Өзбекстандын президенти бул боюнча мындай пикирин билдирген.

"Аймактын гидроэнергетикалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана биргелешип башкаруу үчүн келерки жылы Кыргызстан жана Казакстан менен биргеликте Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоону баштайбыз", — деген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Ири инвестициялык долбоордун жалпы наркы 4-5 млрд доллардын тегерегинде болору айтылган.

"Бул иш-чараларды ишке ашырууга Дүйнөлүк банк тарабынан мурда бөлүнгөн 5 млн АКШ долларына кошумча дагы 13,6 млн доллар бөлүнүп берилген. Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги курулуш иштерине Дүйнөлүк банк тарабынан үч мамлекет үчүн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан) 1,5 млрд доллар бөлүп берүүсү каралууда. Мындан тышкары жолугушуулардын жана иш-чаралардын алкагында долбоорго Кыргызстан үчүн 9 донор 2,6 млрд доллар каржылоого кызыкдар экенин билдирди", — деп айтылат Энергетика министрлигинин маалыматында.

Курулушка жалпысынан 10 жыл керектелет. Бул убакыт аралыгында таш плотина, 4 чоң гидроагрегат имараты менен, суу төгүүчү, суу сактагычтар жана тазалоочу жайлар, транспорттук туннелдер, өндүрүш корпустары, жумушчулардын кыштагы курулушу керек.

Өзбекстан Кыргызстан үчүн жөн гана коңшу мамлекет эмес, эң маанилүү стратегиялык инвестициялык өнөктөштөрдүн бири экенин тастыктады. Бул туурасында президентке караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин жетекчисинин кеңешчиси Данияр Сыдыков "Кабар" агенттигине билдирди.

SAB_1689.jpg
“Президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин саясий эркинин аркасында бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы тарыхтагы эң жогорку деңгээлге чыкты. Мунун эң жакшы далили – инвестициялык долбоорлордун жана өз ара инвестициялардын өсүшү.
Акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын инвестициялык кызматташтыгы сапаттуу жаңы деңгээлге чыкты. Эң ири стратегиялык долбоорлордун бири – "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу". Бул долбоор жаңы транспорттук коридорду түзүп, өлкөлөрүбүздүн инвестициялык жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Дагы бир маанилүү долбоор – “Камбар-Ата-1 ГЭСинин" курулушу, аны Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте ишке ашырууда. Бул Борбор Азиянын энергетикалык коопсуздугун чыңдай турган стратегиялык долбоор.
Өзбекстандык инвесторлор биринчи кезекте энергетикага, анын ичинде гидроэнергетика жана күн электр станцияларына кызыгышат. Ошондой эле айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, текстиль, курулуш, курулуш материалдарын өндүрүү, логистика, туризм жана пайдалуу кендерди өздөштүрүү тармактарына кызыгуу жогору”, - деди Улуттук инвестициялык агенттиктин жетекчисинин кеңешчиси Данияр Сыдыков.

Эки өлкө биргелешкен ишканалар түзүлүп, бири-биринин экономикасын толуктап жатат. Бул эки мамлекеттин гана эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын өнүгүшүнө кызмат кылат. Дипломат, эл аралык мамилелер боюнча эксперт, профессор Кубанычбек Чекиров коңшу Өзбекстан да экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча чөлкөмдөгү алдыңкы мамлекеттердин бири экенин белгилейт.

WhatsApp Image 2026-07-22 at 12.25.34.jpeg
“Кыргызстан менен Өзбекстан СССР курамында чогуу болушту, Борбор Азиядагы жалпы чек арасы бар коңшулаш түрк тилдүү элденбиз. Өзбекстан 40 миллиондук элинин саны менен Борбор Азияда биринчи орунда турат. ИДПсы жылына 150-200 млрд доллар, чөлкөмдө Казакстандан кийин эле экинчи келе жатат.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолуна каражат табылып, биргеликте курулуп жатат. Мурун Европага Казакстан, Россия аркылуу чыксак, бул жол бүтсө Перс булуңундагы мамлекеттерге, Иранга, Араб өлкөлөрүнө, Түркия, Европага чейин жетебиз. Башкача айтканда транс улуттук тарам болот. Бул биздин экономиканын өсүшүнө чоң түрткү берери айтпаса да белгилүү. Кытай үчүн да, Өзбекстан үчүн да маанилүү.
Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСи да азыркы учурда динамикалуу өсүп келе жаткан Казакстан жана Өзбекстан менен чогуу курулуп жатат. Кыргызстандын көрсөткүчтөрү да жаман эмес. ИДП өсүшү 10-11%га чейин кетип жатат. Канчалаган завод-фабрикалар, өндүрүштөр курулуп жатат. Замандын чакырыктары бар. Эми электр энергиясы керек. Бизден аккан сууну Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат. Анын социалдык, экономикалык жана геосаясий мааниси чоң. Ошондуктан чоң стратегиялык долбоор деп сыпаттап жатабыз. Буюрса коңшулаш үч мамлекет Камбар-Ата-1 станциясын куруу менен өз дараметин көргөзө алышат. Бул биринчи кезекте чөлкөмдүн энергетикалык коопсуздугу, социалдык өнүгүү жана экономикалык бийиктиктер”, - деди Чекиров.