Кыргыз балбандары Монголиядагы рейтингдик мелдеште 5 медаль жеңди

Спорт Загрузка... 05 Июнь 2026 10:05
715569993_184115761.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Күн мурун Монголияда Open Ulaanbaatar рейтингдик мелдеши башталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгында Кыргызстандык балбандар 5 медаль жеңишти. Анын бирөө күмүш, төртөө коло медаль.

Күмүш медалдын ээси:

  • Азат Салидинов (87кг чейин).

Коло медалдын ээлери:

  • Жантөрө Мирзалиев (72кг чейин);
  • Аманат Самат уулу (72кг чейин);
  • Бекзат Орункул уулу (77кг чейин);
  • Имур Темирбеков (82кг чейин).

Белгилей кетсек, мелдештер 7-июнга чейин уланат.