Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. “Кыргызалтын” ишканасынын таза пайдасы 18,7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу аталган ишкананын жыл жыйынтыгын чыгарган отурумунда айтылды.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча компания рекорддук финансылык көрсөткүчтөргө жетишти.
- таза пайдасы 18,7 млрд сом,
- жалпы кирешеси 20,7 млрд сом.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө “Кыргызалтын” ААКнын түзүмүнө 2 филиал, 13 туунду компания жана 4 биргелешкен ишкана кирет.