"Кыргызнефтегаз" ишканасынын иши жана алдыдагы пландары талкууланды

Министрлер кабинети Загрузка... 29 Июнь 2026 17:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Манас шаарында өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселелерине байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана мунай менен иш алып барган бир катар жеке компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. 

Отурумда негизинен “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү каралып, 2021-2025-жылдарга жана 2026-жылдын 6 айына карата ишкананын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу баяндама жасалды.

Анда мунай өндүрүү, газ өндүрүү, бургулоо иштеринин жүрүшү, продукцияларды сатуунун көлөмү жана киреше бөлүгү, төлөмдөр, активдер сыяктуу аткарылган иштер белгиленип, алдыдагы пландары талкууланды. 

Белгилей кетсек, “Кыргызнефтегаз” ишканасы 14 чет элдик инвестициялык компания менен иш алып барат. Инвесторлор скважиналарды бургулоо жана капиталдык оңдоо иштерине байланышкан бардык финансылык чыгымдарды өз каражаттарынын эсебинен жабат.

Отурумдун соңунда Эрлист Акунбеков “Кыргызнефтегаз” жана жеке компанияларга мунай продукциялары менен өлкөнүн ички рыногун камсыздоо боюнча иш-аракеттерин күчтөндүрүү боюнча тапшырмаларды берди.