"Кыргыз Петролеум Компани" заводу 410 млн долларга жаңыланууда

Министрлер кабинети Загрузка... 29 Июнь 2026 17:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомунун нефтини кайра иштетүүчү заводун реконструкциялоо жана модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Петролеум Компания” ЖАКда өндүрүлгөн продукция тиешелүү талаптарга жооп беришин камсыздоо үчүн нефтини кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо милдети коюлган. Долбоордун жалпы суммасы 409,9 млн доллар.

Оңдоо иштери менен жеринде таанышкан минкаб төрагасынын орун басары тиешелүү мекемке ишканалардын жетекчилерине аткарылып жаткан жумуштардын сапатына өзгөчө көңүл буруп, модернизациялоо иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.