Кечээ Вашингтон Борбор Азиянын беш өлкөсүн — Казакстанды, Кыргызстанды, Тажикстанды, Түркмөнстанды, Өзбекстанды жана Америка Кошмо Штаттарын бириктирген маанилүү окуянын орду болуп калды. Бул — мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги экинчи жолугушуу.
C5+1 форматындагы жолугушуу Американын тышкы саясатында олуттуу өзгөрүү болгонун билдирет. Мурда АКШ өзүнүн дипломатиясын көбүнчө бейөкмөт уюмдар аркылуу жүргүзчү. USAID мектептерге, демократияга жана саламаттыкты сактоого гранттарды бөлүп, андан кийин аймактагы өлкөлөр Вашингтондун демилгелерин колдоп келишчү.
Бирок Трамп 2025-жылдын январында кайра карап чыгуу үчүн чет элдик жардамды 90 күнгө токтотуу тууралуу жарлык чыгарган. Бул USAID программаларынын 86% жабылышына алып келген. Эксперттердин пикиринде, эми ар кандай жардам же инвестициялар ресурстарга (уран, алтын, газ, сейрек кездешүүчү металлдар) жетүү сыяктуу пайдалуу келишимдердин негизинде гана көрсөтүлөт.

Бул саммитти өткөрүү демилгеси Америка тарапка таандык. Евразиялык геосаясаттын контекстинде Борбор Азия өлкөлөрү менен саясий жана экономикалык диалогду түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу бекемдөө — анын башкы максаты.
Талдоочулардын айтымында, Вашингтондогу саммит Борбор Азия өлкөлөрүнүн көп векторлуу саясатын бекемдөөдө жана Американын аймактагы таасирин кеңейтүүдө бурулуш учур болушу мүмкүн. C5+1 форматы АКШнын бул стратегиялык маанилүү аймакка болгон кызыгуусунун өсүшүнүн көрсөткүчү катары каралууда.
Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Вашингтондогу жолугушуу — эл аралык аренада өз позицияларын бекемдөөгө, зарыл болгон инвестицияларды тартууга жана туруктуу өнүгүү жаатындагы артыкчылыктарды аныктоого мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Садыр Жапаров өз сөзүндө президент Дональд Трампка жылуу кабыл алгандыгы үчүн жана эки тараптуу, аймактык жана эл аралык маанидеги маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарын өзүнүн маанилүү тышкы саясий өнөктөшү катары жогору баалады.

Садыр Жапаров президент Дональд Трамптын глобалдык туруктуулукту бекемдөөгө жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы жаңжалдарды токтотууга кошкон олуттуу салымын да жогору баалады.
“Өз кезегимде, мен мамлекет башчысы кызматына келгенде өзүм үчүн эң маанилүү артыкчылыктуу милдет катары коңшу мамлекеттерибиз менен чек ара маселелерин ынак коңшулуктун нугунда чечүүнү койгом. Жыйынтыгында Борбор Азия аймагынын дүйнөлүк саясаттагы ролу эбегейсиз өсүп, биз менен кызматташууну бекемдөөгө ири державалардын кызыгуусу күчөп жатат”, — деди Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров ошондой эле биргелешкен аракеттер конкреттүү жыйынтыктарга жетип, өлкөлөргө өз ара пайда алып келерине ишеним билдирди.
“Биздин биргелешкен аракеттер конкреттүү жыйынтыктарга жетип, өлкөлөрүбүзгө өз ара пайда алып келерине ишенем. Кыргызстан АКШ менен көп кырдуу мамилелерин жогору баалайт жана аларды мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар. Акыркы он жылдын аралыгында биздин форматтагы өз ара аракеттенүү мамлекеттер аралык кызматташууну кеңейтүүгө болгон кызыгуунун өсүп жаткандыгын далилдейт”, — деди президент.
Садыр Жапаров региондо экономикалык өсүүнүн оң динамикасы байкалып жатканын, бирок туруктуу өнүгүү үчүн АКШ менен соода алакаларын кеңейтүү жана америкалык инвестицияларды тартуу абдан маанилүү экенин белгиледи.
“Биз үчүн банктык төлөмдөрдү камсыз кылуу, инвестицияларды тартуу, долбоорлорду ишке ашыруу жана Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы сооданы активдештирүү максатында финансы-банктык кызматташууну өнүктүрүү зарыл. Биздин региондогу өлкөлөр олуттуу энергетикалык ресурстарга ээ. Бул тармакта америкалык компаниялар менен карым-катнаш түзүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар”, — деди Садыр Жапаров.
Кыргызстан АКШ менен алакасында гидроэнергетика, транспорттук байланыштар, маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллектти өнүктүрүү багыттарына көңүл бурарын белгиледи Садыр Жапаров.

Кыргызстандын жалпы гидроэнергетикалык потенциалы жылына 140 млрд кВт сааттан ашат, бирок анын болгону 15% гана колдонулат. Кыргызстан бул тармакта инвестиция үчүн пайдалуу ири долбоорлорду сунуштоого даяр.
Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок мамлекет катары Кыргызстан регион аралык байланыштарды чыңдоого жана заманбап транспорттук-логистикалык инфраструктура курууга өзгөчө көңүл бурат. Бул сооданы кеңейтүүгө жана регионду транзиттик борборго айлантууга мүмкүнчүлүк түзөт.
“Кыргызстанда жашап, бүткүл дүйнө менен иште” деген ураан биздин мамлекетте активдүү илгерилөөдө. Кыргызстан региондо алгачкылардан болуп “Санарип кодексин” кабыл алып, санарип экономикасынын жана инвестициялардын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу укуктук шарттарды түздү. IT чөйрөсү жана креативдүү экономика тез өсүүдө”, — деди Садыр Жапаров.
Акыркы беш жылда Кыргызстандан АКШга IT кызматтарынын экспорту 45 эсеге көбөйгөнүн билдирип, өлкө башчы 2024-жылы кыргыз IT адистери дүйнөнүн 63төн ашык өлкөсүнө кызматтарын 130 млн долларга экспорттогонун, бул багытта АКШ биринчи орунду ээлегенин айтты.
“IT кызматтарынын 40% АКШга экспорттолду, анын ичинде Силикон өрөөнүндөгү компанияларга. Эл аралык Chainalysis индексине ылайык, учурда Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу боюнча дүйнөдө 19-орунда турат. Бул жагынан алганда, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарына санариптик жөнгө салууну, анын ичинде RegTech инновацияларын өнүктүрүүдө өнөктөштүктү сунуштайт. Тактап айтканда, америкалык тарапка Кыргызстанда RegTech инновацияларынын аймактык хабын (RegTech Trust Hub) түзүүнү сунуштайм”, — деди мамлекет башчысы.
Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Лидерлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүктү, анын ичинде саясий, финансылык технологиялар жана жасалма интеллект жаатында бекемдөө жолдорун талкуулашты.

Кыргызстан башка мамлекеттерден айырмаланып, мунай жана газ запастарына ээ эместигин, өлкөнүн башкы байлыгы — билимдүү жаштар экенин, алардын көбү IT тармагын активдүү өздөштүрүп жатышканын баса белгиледи Садыр Жапаров сүйлөшүүдө.
Ошондой эле президент Кыргызстанда санариптик каржы инструменттерин киргизүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде улуттук стейблкоин — KGST ишке киргизүү жана мамлекеттик крипторезервди түзүү боюнча иштер тууралуу айтып берди.
АКШнын президенти жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалог эки өлкө элинин туруктуу өнүгүүсүн, коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоого багытталган өз ара аракеттенүүнү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.
Ж. Баласагын атындагы КУУнун Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Эсен Усубалиев да “Кабар” агенттигине берген комментарийинде Американын тышкы саясаты Борбор Азияга карата олуттуу өзгөргөнүн белгиледи:
“C5+1 демилгесинин алкагындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуунун жыйынтыгы АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүнө карата позициясында да, аймактагы мамлекеттердин өз ара мамилелеринде да түп-тамырынан өзгөрүүлөр болгонун көрсөттү. Аймактагы өлкөлөр соода-экономикалык, технологиялык, инвестициялык кызматташтык маселелерин, анын ичинде IT-технологияларды, гидроэнергетиканы жана өз ара аракеттенүүнүн башка илим сыйымдуу тармактарын талкуулашты. Бул — саясий же идеологиялык позицияларга байланбаган, өтө прагматикалык мамилени көрсөтөт.

АКШ өз кезегинде мурдагы бүдөмүк сөздөрдөн жана адам укуктары, демократия, либералдык баалуулуктар, ошондой эле санкцияларды айланып өтүү менен байланышкан жашыруун күн тартибинен баш тартканын көрсөтүүдө. Балким, АКШ тарыхында биринчи жолу алар аймакка глобалдык аскердик-саясий катышуу саясатынын бир бөлүгү катары эмес, өзүнчө саясатка жана өзгөчө мамилеге татыктуу аймактык биримдик катары олуттуу мамиле жасай баштады.
Кыргызстан үчүн президент Садыр Жапаровдун АКШга болгон сапары жакынкы келечекте эки тараптуу мамилелердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк берүүчү жаңы, прагматикалык жана тең салмактуу диалогду куруу жолундагы маанилүү кадам катары каралышы керек. Президент артыкчылыктуу багыттар катары экономиканы, инвестицияны жана туризмди, гидроэнергетиканы, санариптик экономиканы жана жасалма интеллектти, ошондой эле коопсуздук менен туруктуу өнүгүүнү белгиледи. АКШ менен Кыргызстандын президенттеринин ортосунда түз жана туруктуу байланыштарды түзүү — бул улуттук гана эмес, аймактык кызыкчылыктарга да жооп берген кадам”, — деди Эсен Усубалиев.