Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Астана шаарында Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы Инам Керимов менен жолукту.
Мекемеден билдиришкендей, жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун экинчи конференциясынын алкагында өттү.
Жолугушуунун негизги максаты эки бир тууган өлкөнүн сот тутумунун ортосундагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана санариптик трансформациялоо тажрыйбалары менен бөлүшүү болду.
Медербек Сатыев байланыштарды системалуу жана расмий нукка салуу үчүн эки өлкөнүн Жогорку сотторунун ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум түзүүнү сунуштады.
Документтин алкагында соттук тажрыйба алмашуу, судьялардын жана сот кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу программаларын биргелешип уюштуруу пландалууда.
Ошондой эле кыргыз тарап Азербайжандын сот тутумун модернизациялоо, заманбап башкаруу механизмдерин жана санариптештирүүнү киргизүүдөгү жетишкендиктери ТМУ өлкөлөрү үчүн чоң кызыгуу жаратарын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар бул кадамдар эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү гана чыңдабастан, жарандардын укуктарын сот аркылуу коргоонун натыйжалуулугун арттыра турганын бир ооздон ырасташты.