Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Индонезиянын тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Анис Матта менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Султан Ахматов учурда Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен Индонезиянын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашуу Жогорку Кеңештин кароосунда экендигин белгиледи.
“Индонезия Түштүк-Чыгыш Азиядагы Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Биз эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдарбыз. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташуунун потенциалы азыркы товар жүгүртүүнүн көлөмүнөн кыйла жогору. Биздин негизги максатыбыз – соода-экономикалык мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруу. халал-индустрияны, тигүү өнөр жайын жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз”, – деди Султан Ахматов.
Ошондой эле министрдин орун басары Индонезия тарапка Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар тууралуу маалымат берип, өлкө экономикасынын акыркы төрт жылдагы туруктуу өсүү темптерине токтолду.
Индонезиянын тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Анис Матта Индонезия Кыргызстанды Борбор Азиядагы келечектүү өнөктөш катары карай турганын белгиледи.
Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо үчүн ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштарды активдештирүү зарыл. Ушуга байланыштуу Индонезия тарап Кыргыз-Индонезия бизнес-форумун өткөрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Султан Ахматов кыргыз тарап Кыргыз-Индонезиянын экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин кайра жандандырууга кызыкдар экендигин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-индонезиялык мамилелерге жаңы дем берүү жана бардык келечектүү багыттар боюнча өз ара кызматташууну активдештирүү боюнча өз ара даяр экендиктерин ырасташты.