Кыргызстан менен Иран адам укуктарын коргоодо кызматташат

Коом Загрузка... 22 Июнь 2026 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Бүгүн акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ирандын Адам укуктары боюнча штабынын өкүлү Касем Бармуз менен жолукту.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Жаманбаева Ирандагы акыркы кырдаалга байланыштуу каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, адам өмүрүнүн жана карапайым элдин коопсуздугунун сакталышына, бейпил турмуштун уланышына үмүт артарын билдирди.

Ал бүгүнкү күндө улуттук укук коргоо институттарынын таасири барган сайын жакшырып жатканын белгиледи.

"Заманбап чакырыктар мамлекеттер аралык укук коргоо мекемелеринин ортосунда тажрыйба алмашууну талап кылат. Биз эркинен ажыратуу жана башка мажбурлап кармоо жайларында жарандардын укуктарынын сакталышы, эмгек мигранттарынын жана студенттердин укуктарын коргоо, ошондой эле гуманитардык маселелер боюнча кызматташтыкты өнүктүрө алабыз", – деди акыйкатчы.

Белгилей кетсек, эртең, 23-июнда Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин адам укуктарын коргоо боюнча улуттук институттарынын биринчи консультативдик жолугушуусу өтөт.