Кыргызстан менен Малайзиянын алакалары жылдан-жылга жаңы деңгээлге чыгууда – Аскар Сыдыков

Пикир Загрузка... 25 Июнь 2025 12:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Малайзиянын алакалары жылдан-жылга жаңы деңгээлге чыгууда. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы Аскар Сыдыков “Кабар” агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2025-06-25 at 12.44.04.jpeg

Анын айтымында, өткөн жылы Малайзиянын премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келгенде бир катар меморандумдарга кол коюлуп, бир катар эки тараптуу иштер башталган. Эми президент Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарынан кийин дагы да кызматташтык жаңы баскычка чыгат деген үмүттөр бар.

“Кыргызстан менен Малайзиянын эки тараптуу алакасы жакшы деңгээлде турат. Жылдан-жылга жаңы баскычка чыгууда. Былтыр Малайзиянын премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келгенде кызматташтыкты алдыга жылдыруу талкууланып, бир катар меморандумдарга кол коюлган. Андан кийин көп иштер башталган. Анын ичинде финансы рыногундагы исламдык каржылоо принциптери, агроөнөр жай, туризм, кызмат көрсөтүү жана башка тармактарда Кыргызстан үчүн да, Малайзия үчүн да артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташуу жүрүүдө. Президент Садып Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарынан кийин дагы да кызматташтык жаңы баскычка чыгат деген үмүттөбүз”, - деди ал.

Ошондой эле Аскар Сыдыков Кыргызстан Малайзиянын көп тармактардагы тажрыйбаларын алса болорун белгиледи.

“Биз малайзиялыктардан көп тармактардагы тажрыйбаларын алсак болот. Анткени Малайзия өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулганы жатат. Ички дүң продукциясы бүгүнкү күндө өнүккөн өлкөлөрдүкүнө жетип калды. Малайзияга барганда байкап жатабыз, туризм, өнөр жай, логистика, транспорт деги эле дээрлик бардык тармактарда өнүгүүлөр бар. Биз алардын тажрыйбаларды алып, натыйжалуу кызматташууга жол алсак болот”, - деп кошумчалады Сыдыков.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров учурда расмий сапары менен Малайзияда жүрөт. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өнүктүрүү келечеги талкууланууда.