Бишкек, 10.08.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева Малайзиянын парламентинин Сенатынын төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохамед менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жылдыз Садырбаева Кыргызстан Малайзия менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө маани берерин белгилеп: «Акыркы жылдары өлкө башчыларыбыздын жолугушуулары ийгиликтүү өтүп, эки өлкөнүн алакалары жигердүү өнүгүүдө. Сиздин бул сапарыңыз да кыргыз-малай парламенттер аралык байланыштарын өрчүтүүгө түрткү берет деп ишенем», – деди.
Муну менен катар эл өкүлү парламенттер аралык алакалардын маанилүүлүгүнө токтолуп: «Мындай кызматташтык өз ара ишенимди чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга укуктук негиз түзүүгө көмөктөшөт. Ошону менен бирге Жогорку Кеңеште Малайзия менен кызматташууга арналган депутаттык достук тобу иштеп жатканын белгилеп кетким келет», – деп кошумчалады.
Мындан тышкары, Жылдыз Садырбаева соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылып: «Бул багытта Кыргызстан ырааттуу иштерди жүргүзүүдө. Кыргыз-малай бизнес-форумдар жана биргелешкен кеңештер эки тараптуу алаканы кеңейтүүдө, соода мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат алмашууда маанилүү аянтча болуп бере алат», – деди.
Ошондой эле төраганын орун басары билим берүү жаатындагы байланыштарды өрчүтүү максатында кыргызстандык студенттер үчүн Малайзиянын жогорку окуу жайларына берилүүчү квоталарды көбөйтүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Малайзиянын парламентинин Сенатынын төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохамед Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясатты жогору баалап, өлкөнүн өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү чоң экенин айтып: «Мен Кыргызстанга экинчи жолу келип жатам, андан бери өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын байкадым. Кыргызстан жаш республика болгону менен, өнүгүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөргө ээ. Биз бардык деңгээлдеги алакаларды чыңдоого кызыкдарбыз», – деди ал.
Мындан сырткары, Нур Жазлан Мохамед парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүү маселесине көңүл буруп, Малайзия Сенатында Кыргызстан менен кызматташууга арналган депутаттык достук тобун түзүүгө ниеттенгенин билдирди.