Кыргызстан менен Пакистан жогорку деңгээлдеги жолугушууларды пландоодо

Саясат Загрузка... 19 Июнь 2026 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon тим

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Пакистан Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы байланыштардын графиги, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чараларды өткөрүүнүн негизги аспектилери талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктери тастыкталды.