Кыргызстандын элчиси Италия президентине Ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат Загрузка... 19 Июнь 2026 16:10
c6dc6d0c-f35b-329c-8fd1-21f11e87cae1.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Римдеги Квиринал сарайында өткөн аземде Кыргызстандын Италиядагы элчиси Эрмек Өмүралиев Италиянын президенти Серджо Маттареллага Ишеним грамоталарын тапшырды.

Расмий аземден кийин Италиянын президенти Кыргызстандын элчисин кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-италиялык мамилелердин азыркы абалы жана өнүгүү келечеги талкууланды. Эрмек Өмүралиев Италиянын президенти Серджо Маттареллага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келүүгө чакыруусун жеткирди.

Италиянын президенти элчини дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди андан ары чыңдоого колдоо көрсөтөөрүн билдирди. Садыр Жапаровго эң жакшы каалоолорун айтып, Серджо Маттарелла Кыргызстанды 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, Италиянын Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогдун оң динамикасын, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү белгилешип, “Борбор Азия – Италия” форматындагы практикалык кызматташуунун маанилүүлүгүн тастыкташты.