Кыргызстан менен Россия ишкердик байланыштарды чыңдайт

Коом Загрузка... 19 Июнь 2026 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Россиянын Экспорттук борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана Кыргызстандын айыл чарба жана кайра иштетилген продукцияларын тышкы рынокторго илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле экспорттоочуларды колдоо механизмдерине жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишкердик байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырастап, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө жана ата мекендик агроөнөр жай комплексинин экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.