Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Кезектеги демаркациялоо иштеринин алкагында бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү өкүлдөрү биргеликте Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерден башталган тилкеге алгачкы чек ара мамыларын орнотуу башталды.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1008,14 чакырымды, ал эми нейтралдуу макамга ээ жер тилкелеринин жалпы периметри 14,07 чакырымды түзөт.
Мамлекеттик чек араны 2002-жылдын декабрында башталган делимитациялоо процессинин толук жыйынтыкталышы эки коңшу өлкөнүн ортосундагы мамилелеринде жаңы барак ачкан тарыхый жетишкендик болду. Бул жыйынтыкка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун саясий акылмандыгы, өз ара ишеними, ошондой эле коңшулук, өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана эки тараптын мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске алуу принциптерине болгон бекем умтулуусунун аркасында жетишилди.
2025-жылдын 13-мартында Бишкекте эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшкан, бул чек ара аймактарында ишенимди андан ары бекемдөө жана узак мөөнөттүү туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн бекем эл аралык укуктук негиз түздү.
Мамлекет башчыларынын тапшырмаларын аткаруу максатында, биргелешкен кыргыз-тажик демаркациялык комиссиясынын алкагында Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынан демаркация боюнча жумушчу топтор түзүлүп, алар демаркациялык чаралардын комплексин практикалык ишке ашырууга киришти.
Иш тараптардын конструктивдүү кызматташтык, өз ара түшүнүшүү жана жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик шартында жүргүзүлүүдө. Демаркациялоо процесси башталгандан бери жалпы узундугу болжол менен 416,01 чакырымды түзгөн мамлекеттик чек ара тилкесинде биргелешкен талаа иштери жүргүзүлдү, Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, ошондой эле Тажикстанстандын Согд облусунун Исфара жана Конибод шаарларынын, Бобожон Гафуров, Жаббор Расулов, Спитамен жана Деваштич райондорунун чектеш аймактарынын алкагында 1627 чек ара белгиси (жалпысынан 1954 чек ара мамычасынан турган) үчүн алдын ала координаттар жана орнотуу жайлары аныкталып, алар жыгач жана металл казыктар менен белгиленди.
Бул практикалык кадам жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулардын ырааттуу ишке ашырылышынын айкын ырастоосу катары кызмат кылат жана тараптардын өз ара ишеним, өнөктөштүк жана жакшы коңшулук маанайдагы кызматташтыгынын жогорку натыйжалуулугун көрсөтөт.
Тараптардын белгилөөсүндө мамлекеттик чек араны эл аралык укуктук жактан тариздөө жана туура демаркациялоо аймактык коопсуздукту чыңдоодо, чек ара аймактарынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүдө жана Кыргызстан менен Тажикстандын бир тууган элдеринин ортосундагы достук мамилелерди андан ары тереңдетүүдө маанилүү фактор.