Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов "ШКУ өлкөлөрүнүн цивилизациялар диалогу – 2026" иш-чарасына катышты.
Ал өз сөзүндө быйыл Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы белгиленип жатканын белгиледи.
Бул бирикме чейрек кылым ичинде ишенимди жана коопсуздукту бекемдөө механизминен саясий, экономикалык, маданий, гуманитардык жана илимий-техникалык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты ырааттуу өнүктүргөн эң таасирдүү эл аралык аянтчалардын бирине айланды.
"Кыргызстан үчүн ШКУ – бул аймактык өз ара аракеттенүүнүн маанилүү механизми гана эмес, ошондой эле ишеним, өз ара урматтоо, жакшы коңшулук жана биргелешип өнүгүү атмосферасын түзүү мейкиндиги. Биздин өлкө ШКУга төрагалык кылууну уюмдун алкагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кошумча түрткү берүү мүмкүнчүлүгү жана чоң жоопкерчилик катары карайт. Кыргызстан өз ара ишеним, өз ара пайда, тең укуктуулук, маданий көп түрдүүлүктү урматтоо жана биргелешип өнүгүү умтулуусу принциптерин бекемдөөнү ырааттуу колдойт – бул "Шанхай руху" катары эл аралык таанылууга ээ болгон негизги принциптер. Бүгүнкү күндө бул принциптер туруктуу эл аралык кызматташтык ар бир мамлекеттин суверендүү тандоосун урматтоо, тең укуктуу өнөктөштүк жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алууга даярдык менен курулганда гана мүмкүн экендигин тастыктайт", - деди Маматканов.
Минкаб төрагасынын орун басары белгилегендей, бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугу алдында тез өнүгүп жаткан технологиялык өзгөрүүлөр жана эл аралык мамилелердеги терең трансформациялар болуп жаткан учурда, мамлекеттердин мазмундуу диалог жүргүзүү, маданий көп түрдүүлүктү сыйлоо жана азыркы замандын жалпы чакырыктарына биргелешип жооп издөө жөндөмдүүлүгү өзгөчө баалуулукка ээ.