Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин энергетика министрлеринин 6-жыйынында Кыргызстан Бишкекте энергияны үнөмдөөчү жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү боюнча аймактык борбор түзүү боюнча маанилүү демилге көтөрдү.
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков "Кабар" агенттигине берген маанилүү маегинде бул түзүм тажрыйба алмашуу, кадрларды даярдоо, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана заманбап технологияларды киргизүү үчүн бирдиктүү аянтчага айланарын айтты. Мындан тышкары, борбордун түзүлүшү өлкөнүн ички саясатына да кубаттуу түрткү берет.
"Бул бизге энергияны үнөмдөө жана энергия натыйжалуулугун жогорулатуу чөйрөсүндө кеңири масштабдуу иштерди баштоого мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө бул Кыргызстан үчүн эң актуалдуу темалардын бири. Дал ушул себептен бул багытта министрлер кабинети тарабынан өзүнчө атайын максаттуу өнүктүрүү программасы иштелип чыгат. Биз аны ШКУга мүчө өлкөлөрдүн бардык мамлекеттик органдары менен абдан тыгыз өз ара аракеттенүүдө ишке ашырабыз", - деди энергетика министрлигинин жетекчиси.
Ал ошондой эле ШКУдагы кесиптештери кыргыз тараптын демилгесин толугу менен колдогонун кошумчалады.