ШКУнун 25 жылдыгына арналган даректүү тасма тартылууда

ШКУ Загрузка... 19 Июнь 2026 13:35
WhatsApp_Image_2026_jTdfVkn.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бостери, 19.06.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракесине карата атайын даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысынын орун басары Олег Копылов Ысык-Көлдө өтүп жаткан уюмга мүчө мамлекеттердин медиафорумунда билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор уюмдун алдыңкы маалымат каражаттары менен түзгөн өнөктөштүгүнүн алкагында ишке ашырылып жатат. Фильм чейрек кылымдык тарыхы бар уюмдун басып өткөн жолун, жетишкендиктерин жана эл аралык аренадагы ордун чагылдырмакчы.

Олег Копылов заманбап маалыматтык коомдо ШКУ глобалдык медиа чөйрөдө өзүнүн оң имиджин калыптандырууга жана коомчулукка так, ишенимдүү маалыматты биринчилерден болуп жеткирүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи.

Бул мааракелик иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында өтө турган ШКУнун кезектеги саммити менен жыйынтыкталат.