Улуттук жана экономикалык кызыкчылыктарды эл аралык аренада илгерилетүү, регионалдык саясаттагы ордун бекемдөө жана дүйнөлүк өнөктөштөр мейкиндигин кеңейтүү. Президент Садыр Жапаров башында турган бийлик тышкы саясатта прагматикалык көп багыттуу мүнөздү тандап, улуттук жана экономикалык кызыкчылыкты негиз алды. Эң алды ички саясий кооптонууларды жоюп, саясий туруктуулукту орнотуу менен өнөктөштөрдүн ишенимин калыбына келтирди. Өлкө ичиндеги жана чегиндеги саясий, коомдук туруктуулук инвесторлор үчүн жагымдуу чөйрөгө айлана баштады.
Өлкө башчысы Садыр Жапаров тышкы саясатка түздөн-түз жана чечүүчү таасир бере турган маселелерди жайгаруу жана инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү үчүн кандай иштер аткарылганын “Президент” даректүү тасмасында да айтып берди. Тасмада тең салмактуу тышкы саясаттын натыйжасында Кыргызстандын эл аралык аброю жогорулаганы белгиленген.
“Азыр бардык тармактарда кезекке туруп жатышат. Курулуш, кен казуу, завод, фабрикалар. Ошолордун жарымы эле инвесторлор. Иштейм, завод, фабрика салам десе жерди 49 жылга берип жатабыз. Мисалы, өкмөттүн мүмкүнчүлүгүнө жараша алардын баарына жеңилдик берилүүдө”, - деп билдирди Садыр Жапаров “Президент” тасмасында.
Иш жүзүндө беш жыл ичинде президент Садыр Жапаровдун бийлиги Кыргызстанды саясий жактан туруктуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу өлкөгө айландыра алды. Инвесторлор үчүн саясий туруктуулук, мыйзамдын иштөөсү, мамлекеттик колдоо жана кепилдиктер маанилүү. Статистикага токтолсок, 2025-жылдын 9 айында 885 млн доллар инвестиция тартылган. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 18% көп дегенди билдирет. Өлкөгө ири инвестиция салгандардын катарында Россия, Түркия, Кытай, Казакстан бар. Алар каражатты тоо-кенден баштап, соода тармагына чейин иштетип жатышат.
Кыргызстандын экономикасы мурда болуп көрбөгөндөй өсүп, саясий туруктуулук орноп, чек ара маселелери чечилгени өлкөгө болгон эл аралык ишеним жогорулады. Бул тууралуу Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов "Кабар" агенттигине берген комментарийинде айтты.

Ал тең салмактуу тышкы саясаттын жемиши инвестициялар иретинде келип жатканын белгиледи.
Анын айтымында, дүйнө коомчулугу Кыргызстанда президенттик башкаруу натыйжалуу иштеп жатканын, президент Садыр Жапаровдун саясаты элдин ишенимине ээ болгонун көрдү. Экономика да жакшы көрсөткүчтөргө жетүү менен алдыңкы беш мамлекеттин катарына кирди.
"Маанилүү дагы бир жетишкендик — чек ара маселелеринин толук чечилиши. Мурда чыңалуу очогу саналган Борбор Азия бүгүн тынчтык жана кызматташтык аймагына айланды. Бул факторлорсуз туруктуу өнүгүү мүмкүн эмес эле. Азыр бул өзгөрүүлөр Кыргызстанды эл аралык аренада жакшы позицияга чыгарды.
Эң оболу, биздин мамлекет Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен эффективдүү кызматташтыкты түзө алды. Борбор Азия аймагындагы жагымдуу мамиле болбосо, таасирдүү сырткы саясат туурасында сөз да болбойт эле. Экинчиден, Кыргызстан Евразияда, саясий жана экономикалык күчкө ээ болгон Кытай жана Россиянын ортосунда жайгашкан. Кыргызстан бул эки мамлекет менен тең салмактуу мамиле курууга жетишти.
Ошол эле учурда Батыш Европа, АКШ менен мамилелер жанданды. “Борбор Азия+Америка” саммити, Трамп менен жеке жолугушуу өз ара алакада олуттуу перспективаны көрсөттү. Мындан сырткары, биз Жакынкы Чыгыш жана Араб өлкөлөрүнө көңүл буруудабыз. Ислам дүйнөсү менен мамилени толук калыбына келтирдик. Кыргызстандын тышкы саясатындагы дагы бир маанилүү фактор – учурда өлкө Африканын келечектүү өлкөлөрү менен алака түздү. Эфиопияда, Египетте элчиликтер ачылды. Андан сырткары Азия, Япония, Корея менен кызматташтыктар да ийгиликтүү жүрүүдө десем болот.
Тилекке каршы, буга чейин биздин экономика абдан алсыз болуп, эл аралык уюмдардан, ири стратегиялык өнөктөштөрдөн бюджеттин кем-карчысын жабуу үчүн акча сурап эле жүрчүбүз. Алар социалдык төлөмдөргө кетчү. Мындай абал өлкөгө ишенимди алып келе алган эмес. Акыркы беш жылда өлкө бюджети 6 эсе өстү. Биринчи жолу Кыргызстан бул каражаттын 35%ын реалдуу секторго жана өнүгүүгө жумшамай болду. Эл аралык өнөктөштөр Кыргызстан учурда таптакыр башка баскычта, башка деңгээлде турганын көрүштү.
Кыргызстанда түз инвестициялардын көлөмү 1 млрд 200 млн чегинен өттү. Бул эл аралык коомчулуктун Кыргызстанга ишеними жогорулады дегенди билдирет. Мамлекет инвестициялар, аларды коргоо жана инвестицияларды өлкөдө илгерилетүү үчүн туруктуу экономикалык жана саясий, мамлекеттик механизмдерди түзүп берди. Учурдагы президенттик форма менен байланышкан саясий система инвесторлор тарабынан ишеним үчүн эң маанилүү болуп саналат. Тилекке каршы, президенттик-парламенттик системалар учурунда чечим кабыл алуу борборлору да көп болуп, ички инвестициялык саясатты жүргүзүү, ишке ашыруу оор болгон. Саясий коррупциялар орун алып, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга шарттар жок эле. Учурда чечим кабыл алуунун бир гана борбору бар. Ал президент жана анын командасы. Мындай тутумга ишеним жогору болот. Андыктан бул фактор да маанилүү. Эл аралык коомчулук куру сөздөргө эмес, жыйынтыктарга ишенет. Кыргызстандын экономикасы көзгө көрүнөрлүк өсүштү көрсөттү. Бул ири өнөктөштөр менен эл аралык финансылык институттардын ишенимин жогорулатты”, - дейт Эдуард Кубатов.
Өлкөдөгү өнүгүүлөр жана реформалар тышкы саясатка күзгү болуп берди
2021-2025-жылдар аралыгында Кыргызстандагы саясий жана экономикалык туруктуулук өлкө үчүн жаңы мейкиндиктерди жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык каржы өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдеди. Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин башчысынын кеңешчиси Данияр Сыдыков эл аралык аренада Кыргызстандын позициясы бекемдегенин, финансылык өнөктөштөргө белги берчү ийгиликтерге жетишкендигин белгилейт.

“Эң негизгиси чек ара көйгөйү чечилди. Бул маселелердин чечилиши президенттин жана анын командасынын ишинин эң жакшы натыйжаларынын бири деп эсептейм. 2-3 жыл убакыт аралыгында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган топтун сүйлөшүүлөрү стратегиялык тарыхый келишимге кол коюуга алып келди.
Чек ара маселеси - бул эки мамлекеттин эле көйгөйү эмес болчу. Аталган чечим менен жалпы Борбор Азиянын коопсуздугу камсыздалып, региондун аброюн арттырды. Учурда регион туруктуу деп эсептелинет.
Бүгүнкү күндө геосаясий картаны карасак, Борбор Азия инвестиция үчүн жагымдуу шарт түзүлгөн региондордун башында турат десек болот. Бул жагдай тышкы саясатта маанилүү кадам болуп, президент Садыр Жапаровго эл аралык аренадагы ишеним жогорулап, өнөктөштөр Кыргызстанды олуттуу кабыл ала башташты.
Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 10%га жетип, дүйнө боюнча үчүнчү орунду алды. Ал эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында 1-орунга чыкты.
Мамлекеттеги ички кырдаал - тышкы саясатка күзгү болуп берет. Кыргызстан канчалык күчтүү, экономикасы өнүккөн болсо, эл аралык аренада биздин демилгелер да, сөзүбүз да өтүмдүү болот. Биз менен эсептеше башташат. Бүгүнкү күнү биздин дипломаттар жана Тышкы иштер министрлиги ички өнүгүүгө, реформаларга таянып тышкы демилгелерде сөзү өтүмдүү болуп жатат десем жаңылышпайм”, - деди Данияр Сыдыков.
Ошентип, Садыр Жапаровдун бийлиги акыркы беш жыл ичинде өлкө ичинде саясий туруктуулукту орнотуу, экономикалык олуттуу чечимдерди кабыл алуу, чек ара маселелерин чечүү аркылуу өлкөнүн тышкы иштерине дем бере алды. Алдыда жолго коюлган дипломатияны Кыргызстандын экономикалык пайдасы үчүн колдонуу аракеттери турат. Анын үстүнө Кыргызстан Евразиянын борборунда орун алып, дүйнөнүн төрт тарабын бириктирген соода жана транспорт жолдорунун тоомунда жайгашкан. Бул биздин өлкөнүн инвестициялык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет.