2026-жылдын 1-апрелинен тарта өлкөдө бюджеттик тармактагы эмгек акы төлөө системасын реформалоонун акыркы жылдардагы эң ири кадамдарынын бири ишке ашырылды. Бул тууралуу күн мурун “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылдын 26-мартындагы президент Садыр Жапаров кол койгон №121 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу чаралары жөнүндө” жарлыгынын, ошондой эле министрлер кабинетинин №286 токтомунун негизинде билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлык акысы орточо эсеп менен эки эсеге көбөйтүлдү.

Реформанын масштабы
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, билим берүү системасында жалпысынан 183 977 штаттык бирдик каралган. Анын курамына мектепке чейинки, мектептик, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, ошондой эле мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары, окуу-методикалык түзүмдөр жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институттары кирет.
Мугалимдер менен катар техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын да айлык акылары жогорулатылды. Бул чара билим берүү мекемелеринин туруктуу иштешин камсыздаган бардык кызматкерлерди колдоого алып, алардын социалдык жактан корголушун жогорулатууга багытталган.
Министрликтин маалыматы боюнча, айлык акыны жогорулатуу төмөнкү категориядагы кызматкерлерди камтыйт:
- мектептик билим берүү – 128 437 адам
- мектепке чейинки билим берүү – 30 960 адам
- баштапкы кесиптик билим берүү – 8 563 адам
- орто кесиптик билим берүү – 8 120 адам
- мектептен тышкаркы билим берүү – 2 143 адам
- окуу-методикалык кабинеттер – 407 адам
- квалификацияны жогорулатуу институттары жана Билим берүү академиясы – 401 адам.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, 2026-жылдын 9 айында айлык акыларды жогорулатууга республикалык бюджеттен болжол менен 41,3 млрд сом талап кылынат. Буга чейин эле билим берүү тармагына 58 млрд сом каралганын эске алганда, кошумча 41,3 млрд сом менен бирге 2026-жылга жалпы эмгек акы фонду 99,3 млрд сомду түзөт.
Айлык акынын жаңы түзүмү
Реформанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — эмгек акынын түзүмүнүн өзгөрүшү болду. Тийиштүү токтомго ылайык, кызматтык окладдар жана педагогикалык ставкалар 60 пайызга жогорулатылды.
Мындан тышкары:
билим берүү тармагындагы кызматкерлерге 15 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм белгиленди;
техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5 000 сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм каралды.
Президенттик компенсациялык төлөм эмгек өргүүсүнүн акысын, жөлөк пулдарды, ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн берилүүчү кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт жана бир ставка өлчөмүндө төлөнөт.
Эгерде мугалимдин педагогикалык жүктөмү бир ставкадан аз болсо, президенттик компенсациялык төлөмдүн көлөмү анын иш жүзүндөгү жүктөмүнө жараша пропорционалдуу түрдө аныкталат. Ал эми жүктөмү бир ставка же андан жогору болгон учурда, төлөм толук бир ставка өлчөмүндө жүргүзүлөт.
Минималдык базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө сакталат жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасын (окладын) жана эмгек акы өлчөмдөрүн эсептөө үчүн негиз болуп саналат.
Кошумча төлөмдөр системасы жана коэффициенттерди бирдейлештирүү
Педагогикалык кызматкерлердин айлык акыларына кошумча төлөмдөр жана үстөктөр билим деңгээлине, педагогикалык стажына, илимий даражасына, ардак наамдарына, квалификациялык категориясына, ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда иштеген шарттарына жараша белгиленет.
Мурда STEM багытындагы мугалимдер үчүн өзүнчө коэффициент колдонулуп келген болсо, учурда бардык педагогикалык кызматкерлер үчүн бирдиктүү коэффициент киргизилди.
Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине квалификациялык категориясына жараша ай сайын төмөнкүдөй үстөк төлөмдөр каралган:
- жогорку категория үчүн — 5 000 сом;
- биринчи категория үчүн — 3 000 сом;
- экинчи категория үчүн — 2 000 сом.

Практикалык өлчөм: айлык акылардын өсүү динамикасы
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ж. Турусбеков атындагы №16 орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими. Жогорку билимдүү, магистр даражасына ээ, педагогикалык стажы 16 жыл, жумасына 19 саат жүктөм менен иштейт, ошондой эле класс жетекчиси.
Мурда:
— эсептелген айлык акы: 33 223,53 сом
— колуна алган: 26 644 сом
Жогорулатылгандан кийин:
— негизги айлык акы: 49 964 сом
— президенттик компенсация: 15 000 сом
Жыйынтыгында:
— жалпы эсептелген айлык акы: 64 964 сом
— колуна алган: 56 771 сом
Өсүшү: +30 127 сом

Сузак районунун Жалал-Абад облусундагы №10 “Көк-Арт” орто мектебинин математика мугалими. Магистр даражасына ээ, педагогикалык стажы 16 жыл, жумасына 20 саат жүктөм менен иштейт, ошондой эле класс жетекчиси.
Мурда:
— эсептелген айлык акы: 32 640,95 сом
— колуна алган: 26 178 сом
Жогорулатылгандан кийин:
— негизги айлык акы: 43 775 сом
— президенттик компенсациялык төлөм: 15 000 сом
Жыйынтыгында:
— жалпы эсептелген айлык акы: 58 775 сом
— колуна алган: 51 685 сом
Өсүшү: +21 754 сом
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Адыранов атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими (5-11-класстар). Магистр даражасына ээ, педагогикалык стажы 13 жыл, жумасына 17 саат жүктөм менен иштейт, ошондой эле класс жетекчиси.
Мурда:
— эсептелген айлык акы: 42 975,12 сом
— колуна алган: 34 445 сом
Жогорулатылгандан кийин:
— негизги айлык акы: 67 917 сом
— президенттик компенсациялык төлөм: 15 000 сом
Жыйынтыгында:
— жалпы эсептелген айлык акы: 82 917 сом
— колуна алган: 67 004,4 сом
Өсүшү: +32 559 сом

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Адыранов атындагы орто мектептин биология мугалими (5-11-класстар). Магистр даражасына ээ, педагогикалык стажы 13 жыл, жумасына 17 саат жүктөм менен иштейт, ошондой эле класс жетекчиси.
Мурда:
— эсептелген айлык акы: 49 353,69 сом
— колуна алган: 39 545 сом
Жогорулатылгандан кийин:
— негизги айлык акы: 69 043 сом
— президенттик компенсациялык төлөм: 15 000 сом
Жыйынтыгында:
— жалпы эсептелген айлык акы: 84 043 сом
— колуна алган: 67 655 сом
Өсүшү: +28 110 сом
Жетекчилердин жана негизги кызматкерлердин айлык акыларынын жогорулашы
Мектеп директорунун мурдагы “колуна алган” айлыгы 18 202 сом болсо, азыр 41 273 сомду түзөт.
Директордун орун басары мурда 16 383 сом алса, азыр 38 363 сом алат.
Социалдык педагог мурда 12 511 сом алса, азыр 32 168 сом алат.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы бала бакчанын директору мурда 23 285 сом алса, азыр 56 676 сом алат. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы бала бакчанын тарбиячысы (1,08 ставка жүктөм менен) мурда 23 940 сом алса, азыр 48 897 сом алат.
Кесиптик лицейдеги өндүрүштүк окутуунун устаты мурда бир ставка менен 23 462 сом алса, азыр 49 689 сом алат.
Министрликтин маалыматына ылайык, өлкө боюнча орточо эмгек акы 42 948 сомду түзөт, ал эми реформадан кийин билим берүү тармагындагы орточо айлык 50 551 сомго жетет.
Бала бакчалардагы жардамчы тарбиячылардын эмгек акысы да олуттуу жогорулап, 11 000 сомдон 30 000 сомго чейин көтөрүлдү. Реформа алкагында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык окладдары кайра каралып, эгер 2024-жылы жогорулатуу негизинен мектеп директорлоруна тиешелүү болсо, азыр бала бакча жетекчилеринин окладдары 100 пайызга жогорулатылып, жалпы өсүш 2,5 эсеге жетти. Мындан тышкары, методисттердин айлыгы 3,5 эсеге көбөйтүлдү.

Өз кезегинде Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова белгилегендей, Кыргызстанда 2021-жылга чейин мугалимдердин жетишсиздиги 2 миң адамга чейин жетип келген. Бүгүнкү күндө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгына ылайык, мугалимдердин жетишсиздиги 659дан 900гө чейин өзгөрүп турат жана бул көрсөткүч мезгилге жараша айырмаланат. Кадр жетишсиздиги эң көп Бишкек, Ош шаарларында жана райондук борборлордо байкалууда.
Анын айтымында, бул маселени комплекстүү түрдө чечүү зарыл. Айлык акыны жогорулатуу — буга карата маанилүү жана натыйжалуу кадамдардын бири болуп саналат. Ошол эле учурда кадрларды туура бөлүштүрүү боюнча иштер жүрүп, жогорку окуу жайлары бүтүрүүчүлөр тууралуу маалыматты алдын ала берип, андан соң алар аймактардагы муктаждыкка жараша региондорго жөнөтүлөт. Мындан тышкары, дуалдык окутуу системасы да киргизилүүдө, анын алкагында студенттер окуусун мектептердеги практикалык иш менен айкалыштырып өтүшөт.

Педагогдорго социалдык колдоо көрсөтүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 2 миңден ашуун мугалим турак жай менен камсыз болду. Мындан тышкары, эң мыкты педагогдор ведомстволук сыйлыктар менен сыйланууда деп кошумчалады министрдин орун басары.
Ошентип, билим берүү тармагындагы эмгек акы системасын реформалоо комплекстүү мүнөзгө ээ болуп, ал жөн гана кирешени көбөйтүүгө эмес, тармактагы системалуу көйгөйлөрдү чечүүгө да багытталган. Айлык акылардын эки эсеге жогорулашы, социалдык колдоо чараларынын кеңейиши жана кадр саясатын өркүндөтүү — мунун баары педагог кесибинин кадыр-баркын жогорулатууга жана өлкөнүн билим берүү системасын туруктуу өнүктүрүүгө негиз түзөт.