Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 16-май жана 20-майда жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттоо саат 13:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарында жана өлкөнүн бардык аймактарында ЖРТ өтө турган борборлордо (мектептерде) администраторлор тарабынан аткарылат.
Белгиленгендей, ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот. Тестке кирүү үчүн паспорттун түп нускамасы жана талон сөзсүз болушу керек.