Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда алгачкы Кум живописи академиясы өз ишин баштады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган уюмдун башкы директору Зарема Абылгазиева билдирди.
Анын айтымында, бул аймак үчүн өзгөчө долбоор жана анимациянын бул сейрек кездешүүчү жанры кесипкөй деңгээлде өнүктүрүлө турган масштабдуу чыгармачылык платформа болуп саналат.

"Биздин көп жылдык эмгегибиз өз жемишин берип, топтогон тажрыйбабызды системалаштырууга жана дүйнөдө теңдеши жок уникалдуу уюмду ачууга мүмкүндүк берди. Кум менен сүрөт тартуу эң байыркы искусство түрлөрүнүн бири болгонуна карабастан, дал биз тараптан бүгүн, XXI кылымда, расмий түрдө алгачкы жолу “кум живописи” деген термин киргизилүүдө", - деп билдирди Зарема Абылгазиева.
Ал белгилегендей, долбоорду ишке киргизүүнүн алкагында академия ушул багыттагы сүрөтчүлөрдүн жана чеберлердин биринчи Дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү пландаштырууда. Бул иш-чара дүйнө жүзүндөгү аталган визуалдык искусствонун алдыңкы өкүлдөрүнүн башын бириктирет.
"Курултайдын башкы окуясы – Бүткүл дүйнөлүк кум живописи сүрөтчүлөрүнүн союзунун президентин шайлоо болмокчу. Добуш берүү делегаттардын жолугушуусу учурунда түз өткөрүлөт. Расмий союздун түзүлүшү эл аралык коомчулукту бириктирүүгө жана бул жанрдын өнүгүшүн системалуу деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө", - деди ал.

Муну менен катар эле академия бул искусство түрүндөгү алгачкы дүйнөлүк сыйлык болгон Зобель сыйлыгын (автордун эскертүүсү - белгилүү немис сүрөтчүсү жана декоратору Бенджамин Зобелдин урматына) негиздеди. Сыйлык "Кум живописи жумалыгы" фестивалынын алкагында тапшырылат. Учурда ар кайсы өлкөдөн келген 30 чебер мыкты наамына талапкер болууда. Компетенттүү калыстар тобунун чечими менен алардын алтысы өз багыттары боюнча чемпион аталышат.
Мындан сырткары, үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрынан 20-сентябрына чейин Чолпон-Ата шаарында өтө турган Sand art EXPO эл аралык көргөзмөсү жылдын негизги окуяларынан болуп калмакчы. Бул аянтчага сүрөтчүлөр, фестивалдардын уюштуруучулары жана бул тармактын алдыңкы эксперттери чогулушат.
Академиянын мүчөсү Эндрю Вахтель белгилегендей, учурда академиядагы окутуу стандарттарын бекемдей турган эки уникалдуу окуу куралын түзүү боюнча иштер жүрүүдө.

"Биздин ишибизде эки окуу куралын түзүү маанилүү ролду ойнойт. Биринчи "Кум живописинин тарыхы" аттуу китеп бул искусствонун өнүгүү этаптарын жана байыркы элдер кумдагы сүрөттөрдү кантип колдонушканын көрсөтөт. Экинчи "Кум живописин окутуунун методикасы" басылмасы андан да чоң баалуулукка ээ, анткени ал бул өнөрдү үйрөтүү боюнча башкы практикалык колдонмо болмокчу", - деп баса белгиледи Эндрю Вахтель.