Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Мамлекеттин колдоосу ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүүгө кошумча дем берет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Мирбек Мамбеталиев белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана туруктуу колдоосу менен чыгармачыл индустрияларды, жаштарды жана инновацияларды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам жасалды. Мамлекет башчысы кол койгон салык системасын өркүндөтүү боюнча жарлык креативдүү экономика тармагына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, анын мындан аркы өнүгүшүнө күчтүү түрткү берет.
“Ушундан улам президент Садыр Жапаровго өлкөбүздүн экономикасын, жаштарды, инновацияларды жана чыгармачыл индустрияларды өнүктүрүүгө көрсөткөн өзгөчө көңүл буруусу жана колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирем. Мамлекет башчысы кол койгон жарлыкка ылайык, кинофильмдерди жана телеберүүлөрдү өндүрүүчүлөргө, программалык камсыздоолорду иштеп чыгуучуларга, жасалма интеллект багытындагы долбоорлорго, стартаптарга, санариптик платформаларга, блогерлерге жана чыгармачыл индустриялардын өкүлдөрүнө салыктык жеңилдиктер каралгандыгы өзгөчө мааниге ээ. Маданият жана кино тармагы үчүн бул чыныгы тарыхый чечим болуп саналат. Алдыдагы беш жыл ичинде ата мекендик контент жаратуучулар салыктарга эмес, өз долбоорлорун өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, заманбап жабдууларды алууга, адистерди даярдоого жана продукциясынын сапатын жогорулатууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышат”, - деди министр.
Ошондой эле ал Кыргызстандын чыгармачыл потенциалы чоң экенин, режиссёр, продюсер, сценарист, актёр, дизайнер, музыкант, IT-адис жана жаш ишкерлер дүйнөлүк рынокто атаандаша ала турган сапаттуу продуктуларды жаратууга толук мүмкүнчүлүккө ээ деп белгиледи.
“Кабыл алынган чечимдер ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга, жаңы стартаптарды ишке киргизүүгө, заманбап санариптик долбоорлорду түзүүгө жана Кыргызстандын креативдүү индустриялар жаатындагы эл аралык аброюн бекемдөөгө кошумча дем берет деп ишенем. Бул – жаштарыбызга болгон ишеним. Бул – таланттарга берилген мүмкүнчүлүк. Бул – жаңы идеяларга жана Кыргызстандын келечегине салынган инвестиция”, - деп жазды Мирбек Мамбеталиев.