Кыргызстанда орган алмаштыруу боюнча 100дөн ашык операция жасалды

Ден соолук Загрузка... 22 Май 2026 13:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. "Бүгүнкү иш-чаранын мааниси абдан чоң, анткени биз Бишкекке кеминде 10 мамлекеттен трансплантология тармагындагы алдыңкы хирургдарды чакырып, органдарды трансплантациялоо боюнча эл аралык симпозиум өткөрүп жатабыз", - деди саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.

WhatsApp Image 2026-05-22 at 10.42.18 (1).jpeg

Анын айтымында, симпозиумдун маанилүүлүгү – ал бир тараптан буга чейин аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарса, экинчи тараптан бул тармактын учурда кайсы этапта тургандыгын көрсөтүп, андан аркы эл аралык кызматташтык үчүн өзгөчө маанилүү окуя болуп саналат.

"Мындай иш-чаралардын аркасында биз, биринчиден, дүйнөнүн алдыңкы трансплантологдору менен бир аянтчада пикир алышып жатабыз. Бул алар менен өз ара тыгыз аракеттенүүнү кантип жолго коюу, бейтаптарга кантип жогорку сапаттагы кызматтарды көрсөтүү, жоопкерчиликти камсыздоо жана өлкөбүздө дарылоону дүйнөлүк стандарттар боюнча кантип улантуу керектигин талкуулоо үчүн эң сонун жолугушуу", – деди министр.

Дамир Осмонов ошондой эле 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциялары акысыз жасала баштаганын белгиледи. Азыркы учурда акысыз негизде 55 бөйрөк трансплантациясы аткарылды. Анын ичинен 42 операция Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, ал эми 13ү Кыргыз-Түрк достугу ооруканасында жасалган.

"Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы бөйрөк алмаштыруу операциялары кыргызстандык хирургдар тарабынан жасалгандыгын өзгөчө баса белгилеп кетүү керек. Бул абдан чоң жетишкендик. Жалпысынан бүгүнкү күндө биз тараптан 105 трансплантациялоо операциясы өткөрүлдү. Ал эми хирургиялык кийлигишүүнүн эң татаал жана оор түрү болгон боорду алмаштырууга токтолсок, учурда 5-операция ийгиликтүү жасалды", – деп маалымдады ал.
WhatsApp Image 2026-05-22 at 10.42.18 (2).jpeg

Министр мурда трансплантация үчүн башка өлкөлөргө кеткен жарандардын саны 1000ден ашып кеткенин, бирок келечекте алардын басымдуу бөлүгүнө өлкө ичинде операция жасап, жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүүгө өзгөчө көңүл буруу пландалып жатканын кошумчалады.

"Боорду трансплантациялоо эң татаал операциялардын бири. Мен сыймыктануу менен айта алам, алгачкы трансплантация кыргыз дарыгерлери тарабынан жасалды. Ал эми калган 4 операция Түркия менен Россиядан келген кесиптештердин көмөгү астында өттү. Ооба, бул кымбат баалуу операция, бирок биз үчүн эң башкысы – бейтаптын өмүрү жана жашоосунун сапаты. Бул баарынан кымбат. Ошондой эле бизде мындай жасалбайт, бизде кымбат деген жана башка стереотиптерден алыс болушубуз керек. Жок, андай эмес. Кудайга шүгүр, азыр мамлекет башчысы инфраструктураны абдан жакшы колдоп жатат, ал эми биз эл аралык кесиптештер менен кызматташуу жана сүйлөшүүлөр аркылуу медиктерибиздин билимин жана практикасын өркүндөтүүдөбүз. Трансплантациянын каттоосун түздүк, бул бардык дүйнөлүк стандарттарды бизде эл аралык талаптарга так ылайык киргизүүгө кадам болуп саналат", – деди министр.

Мындан сырткары, ал дарыгерлерди даярдоо эң маанилүү тема экенин белгиледи.

Анын айтымында, өлкөдө дал ушундай татаал операцияларды жасагысы келген, ушул жерден да, чет өлкөдөн да окууга, тажрыйба топтоого жана андан соң бул татаал жумушту Кыргызстанда дүйнөлүк стандарттар боюнча улантууга даяр мыкты хирургдар бар.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте Кыргызстан, Түркия, АКШ, Казакстан, Беларусь, Өзбекстан, Грузия, Иордания, Сирия жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы адистеринин катышуусунда органдардын донорлугу жана трансплантациясы маселелери боюнча эл аралык симпозиум өтүп жатат.