Кыргызстанда Тоо илимий борбору түзүлөт

Коом Загрузка... 02 Апрель 2026 17:15
852.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда эң жогорку эл аралык стандарттарга жооп берген инновациялык Тоо илимий борбору түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекте "Уңгу жол: маданий-руханий жаңылануу” улуттук форумунда билдирди.

Анын айтымында, жаңы мекеме аймак үчүн негизги багыттар: суу ресурстары, геофизика, тоо медицинасы, климатология жана экология боюнча адистешкен институттарды жана изилдөө бөлүмдөрүн бириктирет.

"Кыргызстан тоолуу өлкө жана биз тоолорду башкаларга караганда жакшырак түшүнөбүз. Президент Садыр Жапаров глобалдык масштабдагы заманбап, жети кабаттуу борборду түзүү демилгесин колдоду. Биз аны кийинки жылдын октябрь айында Дүйнөлүк тоо саммитинин алкагында ишке киргизүүнү пландап жатабыз", - деп белгиледи Байсалов.