Бишкек, 02.04.26 /Кабар/. Жогорку соттун аппаратынын жетекчисинин орун басары Аман Жумалиев сот отурумдарын онлайн көрсөтүүнү киргизүү жана жайылтуу тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын март айына 67 сот отуруму пландаштырылып, анын ичинен 27си түз эфирде көрсөтүлгөн.
"40 отурум тараптардын баш тартуусу жана ар кандай процессуалдык себептерден улам трансляцияланган жок", — деп белгиледи ал.
Аман Жумалиев сот отурумдарын онлайн көрсөтүү Жогорку сотто гана эмес, Кыргызстандын башка сотторунда да жүргүзүлүп жатканын билдирди.
"Сот отурумдары Бишкектин төрт райондук сотунда, Бишкек шаардык сотунда, Кыргызстандын бардык облустук сотторунда, ошондой эле Ош, Манас жана Талас шаардык сотторунда түз көрсөтүлүүдө. Мындан тышкары, Нарын шаардык сотунда көрсөтүүлөрдү тесттик режимде баштадык", — деди ал.
Жумалиев сот отурумдарынын залдарына аудио жана видео жазуу системаларын орнотуу иши 2016-жылдан бери жүрүп жатканын эске салды. Бүгүнкү күндө республиканын 72 сотундагы 157 зал аудио жана видео жазуу системалары менен, ал эми 99 зал видеоконференцбайланыш каражаттары менен жабдылган.
Кошумчалангандай, 2025-жылдын ноябрь-декабрь айларында иштин бардык категориялары боюнча реалдуу сот процесстеринин видеожазуулары жүргүзүлгөн.
"Видеоматериалдар интернетке жайгаштырылат, ал эми кийинки трансляциялар "Жогорку сот Верховный суд" YouTube каналында жарыяланып турат", — деди Жогорку соттун аппаратынын жетекчисинин орун басары.