Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Кыргызстандын гуманитардык жардам кербени учурда Түркмөнстан менен Ирандын чектешкен аймагына жакын Серахс шаарына жетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Гуманитардык жүктөрдү тапшыруу иштери эртең, 7-апрелде бажы процедуралары толук аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
Эске салсак, жалпы көлөмү 129 тонна гуманитардык жардам жүктөлгөн ӨКМдин 7 унаасы 3-апрелде Кыргызстандан Иранга сапар алган.